Site icon Reporter.kg

ТИМ АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттарга өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык жарандарга аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунуштады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Америкага барууга тыюу салууга кабылуусу мүмкүн.

Ал эми АКШнын чек арасын мыйзамсыз өтүү, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу, жараксыз же жасалма документтерди колдонуу олуттуу укуктук кесепеттерге: кармоо жана камакка алуу, депортациялоо, өлкөгө кайра кирүүгө туруктуу тыюу салуу, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келиши мүмкүн.

ТИМ буга жол бербөө үчүн мыйзамсыз мигранттарга АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштады. Айрым учурларда АКШнын өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк жарандарга мекенине кайтуу үчүн каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу төмөнкү шилтеме менен кирип, каттоодон өтүү зарыл: www.dhs.gov/cbphome.

Эгерде Америка Кошмо Штаттарында жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылуу керек.

ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграция мыйзамдарынын жаңы талаптарын так сактоону жана өздөрүнүн өлкөдө болуу макамын тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштады

Exit mobile version