Site icon Reporter.kg

ТИМ башчысы Монголияга барат

29-30-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрди Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхин Батцэцэг чакырган.

Сапардын алкагында кыргыз-монгол мамилелеринин спектрин, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кеңейтүү маселелерин талкуулоо максатында жогорку жана жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version