Site icon Reporter.kg

ТИМ Иранда жүргөн кыргызстандыктарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израиль мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды.

ТИМ жарандарга эл көп чогулган жерлерден алыс болууга, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып турууга чакырды.

Ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүн, туугандары менен байланышта болууну жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып турууну сунуштады.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрылуу керек:

Exit mobile version