ТИМ Кореядагы элчиликке жөнөткөн кызматкерден COVID-19 табылды

ТИМ Кореядагы элчиликке жөнөткөн кызматкерден COVID-19 табылды

Кечээ, 29-июнда Reporter маалымат агенттигине Кореядагы мекендештерибиз Кыргызстандын Кореядагы элчилигиндеги абал тууралуу маалымат сурап кайрылышкан.  Алар элчиликтин кызматкеринен коронавирус табылгандыгы тууралуу Корей ЖМКлары кабарлап жаткандыгын айтышкан.  Бирок элчилик аралыктан иштөөгө өткөнүн гана кабарлап, кошумча маалымат берген эмес. 

Кореядагы мекендештер элчилик COVID-19га чалдыккан кызматкери тууралуу расмий маалымат бербегендиктен ал качантан бери жарандарды кабыл алып келген деп тынчсызданууда. Кечээ, 29-июнда жарандар элчилик менен байланышууга аракет кылып, бирок натыйжа чыккан эмес. 

Кореялык телеканалдардын кабарлашынча кыргыз элчилигинин 20 жаштагы кызматкери коронавируска чалдыккан.  Ал 26-июнда анализ тапшырган.  Ал эми ушул эле кызматкер 25-июнда Кыргызстандан учуп барган. 

Ал жергиликтүү ооруканалардын биринен текшерилип, эртеси күнү элчиликтин бир бөлмөсүнө карантинге алынып, обочолонгон.

Биз Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда, маалыматты тактап анан кабарлайбыз деп убада берүү менен гана чектелишти. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>