Site icon Reporter.kg

Кореяга барууну каалагандар электрондук миграциялык карта ала алат

Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын февраль айынан тарта Кореяга келүүнү каалаган чет элдик жарандар үчүн электрондук миграциялык карталар (e-Arrival Card) тутуму ишке киргизилгенин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул система чет элдик жарандарга өлкөгө келерден мурда онлайн түрдө миграциялык картаны толтурууга мүмкүндүк берет. Кагаз түрүндөгү миграциялык картаны толтуруу мындан ары милдеттүү болбойт.

Бирок 2025-жылдын декабрь айына чейин чет элдик жарандар кагаз түрүндөгү миграциялык карталарды колдоно алышат. ТИМ паспорттук көзөмөлдөн өтүү убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулук үчүн электрондук система аркылуу каттоодон өтүүнү сунуштады.

Миграциялык картаны расмий веб-сайт аркылуу толтурууга болот: https://e-arrivalcard.go.kr.
Электрондук картаны Кореяга келгенге чейин үч күндүн ичинде тапшыруу зарыл. Арыз төмөнкү мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн:

Эгерде миграциялык карта берилгенден кийин 72 сааттын ичинде өлкөгө келген болбосоңуз, карта автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Аны кайрадан толтуруу керек.

Электрондук миграциялык картаны толтурууда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:

Өзгөчө категориялар:

Ошондой эле, электрондук миграциялык картаны толтуруунун тартиби жана карта тапшыруудан бошотулган жарандардын категориялары жөнүндө толук маалымат e-Arrival Card расмий сайтында берилген. Кореянын Миграция кызматынын жана Юстиция министрлигинин веб-сайттарынан кошумча маалымат алууга болот.

Exit mobile version