ТИМ: Кыргызстандын аймагында виза же визасыз жүргөн чет өлкөлүктөр чыгып кете алат

ТИМ: Кыргызстандын аймагында виза же визасыз жүргөн чет өлкөлүктөр чыгып кете алат

Кыргыз өкмөтү республика аймагындагы чет өлкөлүктөргө берилген «жашыл коридордун» мөөнөтүн узартты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, мындай чечимдин кабыл алынышына мекеменин сунушу негиз болду:

«Кыргызстандын аймагында виза же визасыз тартипте жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор өлкө аймагынан чыгууга виза толтурбастан жана катталганын тастыктабастан 1-июнга чейинки мөөнөт аралыгында чыгып кете алат», — деп маалымдалды.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алгач 30-апрелге чейин деп, кийин 10-майга чейин узартылган. Өкмөт уюштурган атайын чартердик рейстерден тышкары бардык авиакаттамдар токтотулган. Чет өлкөлүктөргө «жашыл коридор» алгач 1-майга чейин берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>