Москвадагы хостелде чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 29-июлга караган түнү Москванын Алматы көчөсүндө жайгашкан хостелде өрт чыгып, анын айынан 8 мигрант иске ууланып каза болгон. Ошондой эле 1 киши куткарылып, 200 адам эвакуцияланган.
Министрликтен белгилешкендей, учурда Росиянын укук коргоо органдары тарабынан өрттүн себеби жана каза болгондондун аты-жөнү такталууда.
«Кыргызстандын элчилигинин кызматкери окуя жерине чыгып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча хостелдеги өрт учурунда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок», — деп билдирет министрлик.
Бул маселе Кыргызстандын элчилигинин көзөмөлүндө турат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда