Site icon Reporter.kg

Орусия 27 миң кыргызстандыкты «кара тизмеден» чыгарат, — ТИМ

Бүгүн, 27-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.

Анын айтымында, Орусияда «кара тизмеге» кирген 27 миң жаранга миграциялык мунапыс берилет. Ошондой эле мигранттарга жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

«Негизи эле Орусияда жүргөн мигранттар тарабынан көптөгөн укук бузуулар катталат. Аны биз айтпасак деле угуп жатасыңар. Жеңил мыйзам бузуулардын аркасынан «кара тизмеге» кирген 27 миң жараныбызга «миграциялык мунапыс» жөнүндө чечим кабыл алынды, жакында «кара тизмеден» чыгарылат», — деди министр.

Exit mobile version