Site icon Reporter.kg

ТИМ Орусиядагы мигранттардын уюлдук байланышынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

Орусияда чет өлкөлүк жарандардын уюлдук байланышын өчүрүлүшү тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзамдарга ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды Орусияда оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул үчүн алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан (беттин сүрөтү жана үн жазуу) өтүшү керек.

«Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүрүлүп калбашы үчүн өздүгүн тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Россиянын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, “Госуслуги” порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version