Site icon Reporter.kg

ТИМ тажик тарапты жалган маалымат таратып, кырдаалды курчутпоого чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанстандын Тышкы иштер министрлигин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырат.

Кыргызстан ТИМи коңшу мамлекеттин министрлигинин 21-сентябрдагы билдирүүсүн тажик тараптын негизсиз шектенүүлөрү менен отко май тамызуу, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар боюнча дүйнөлүк коомчулукту адаштыруунун кезектеги аракети катары баалайт.

Кыргызстан Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын төрагасы кол койгон акыркы протоколдун бардык пункттарын аткарган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрүнүн жана каражаттарынын болушу жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан учкучсуз учактар учуп анын аба мейкиндигин бузуп жатат деген божомолдору чындыкка дал келбейт.

«Өз кезегинде тажик тарап чек ара аймактарындагы Тажикстандын Мургаб, Исфара жана Лахш облустарынын, ошондой эле «Тамдык» Баткен чек ара отрядынын чек ара заставасы жана «Катта-Туз» Лейлек чек ара отрядынын чек ара посту тарабында жайгашкан оор аскердик техникасын туруктуу жайгаштыруу пункттарына толук кайтарып кеткен жок. Анын үстүнө тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, оор техникаларды алып кетимиш болуп, аларды жарандык транспорт катары жамынып алып, чек арадагы Ворух, Хожайлоо, Сурх жана Ляккон конуштарынын кварталдарына жайгаштырып жатат. Тажикстандын Ворух анклавында жана Кызыл-Арт чек ара ашуусунда чагымчыл ок атуунун бир нече жолу катталган фактыларына карабастан, кыргыз тарап ок атышпоо режимин катуу сактоодо», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан ТИМи белгилегендей, компетенттүү органдар чек арадагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана турукташтыруу боюнча оор жумуштарды аткарып жаткан чакта, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин мындай ойлонбой жасаган жана этиятсыз билдирүүлөрү деэскалация, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарат.

Кыргыз тарап, мурдагыдай эле, жетишилген макулдашууларды катуу карманып, тажик тарапты да ошондой эле абийирдүүлүк менен, анын ичинде тараптар кол койгон протоколдордун алкагында өз милдеттерин аткарууга чакырат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 21-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу тууралуу протоколго кол коюлганына карабай кыргыз тарап чагымчыл  аракеттерди жасап жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version