Site icon Reporter.kg

Тимур Файзиев эмнеге шектелип жаткандыгы айтылды

“Элитхаус” курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиев кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга шектелүүдө.

Бишкек шаардык сотунун маалыматында, ишкердин бөгөт чарасы каралып, аны  9-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Тимур Файзиевге каршы 2021-жылы иш козголуп, кийин токтотулган. Анда ишкердин мамлекеттин эсебине 2 миллион доллар төлөгөнү айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version