КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыздын өлүмүнөн шектелип кармалган анестезиолог Айнура Т. үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык сотунан ырасташты.
Белгилей кетсек, Айнура Т. 12-январда кармалган.
3 жашар кыз И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык борбордо жайгашкан жеке стоматологияда тишин дарылоо учурунда каза тапкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик стоматологияны жаап, медициналык борбордун бир нече дарыгерин жумуштан алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз