Site icon Reporter.kg

ТМУнун инвестициялык фондунун борбору Бишкекте болушу керек болчу — эксперт

Эксперттик демилгелер «Ой Ордо2» борборунун өкүлү Наталья Крег «Reporter.kg»ге  билдиргендей, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эмес, негизинен Түркиянын кызыкчылыктарын көздөйт. Анын айтымында, уюм экономикалык жана идеологиялык жактан Түркияны колдогон структурага айланып калган.

Эксперттин пикиринде, ТМУнун инвестициялык фондунун баш кеңсеси Бишкекте жайгашышы керек болчу. Бирок, бул орун Түркиянын Анкара шаарына берилген. Бул Түркиянын Кыргызстандын жана башка мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске албай жатканын көрсөтөт.

Ошондой эле ал Анкара пантүркизмди (бардык түрк элдерин бириктирүү идеологиясы) түрткү берип жатканын белгиледи. Бул саясат Россия жана Кытай менен болгон мамилелерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Наталья Крег буларды кошумчалады, Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхын түзүү аракеттери Түркия тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бирок, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр өз тарыхтары түрк элдеринен алда канча байыркы экенин түшүнүп келе жатышат. Алтай цивилизациясы тууралуу түшүнүк күчөп, бул Анкаранын пантүркизм аракеттерине каршы чыккан пикирлерди жаратууда.

Аягында, Крег пантүркизм ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын эске алышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Будапешттеги эл аралык саммитке катышууда. Ал жерде ТМУнун мүчөлөрү кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюшту.

Exit mobile version