Site icon Reporter.kg

Тоңдо жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-августта Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 96-чакырымында болгон. Анда “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 22 жаштагы жигит, 45 жаштагы киши, 39 жаштагы аял жана 1 жашка чыга элек ымыркай жеңил жаракаттарды алышкан. 

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жаракат алган адамдарды унаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен. 

Exit mobile version