Тоң районунда маданият үйү ачылды

Тоң районунда маданият үйү ачылды

Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылына курулган  маданият үйүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев билдирди.

Анын айтымында, маданият үйүнө залкар манасчы Каба Атабековдун ысмы ыйгарылды.

«Учурда райондо 23 клубдук мекеме, 29 китепкана, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарында балдардын музыкалык мектептери иштейт. Ушул убакка чейин Тоң, Кара-Коо, И.Тойчубеков атындагы маданият Υйлөрү, Оттук айылындагы айылдык клуб, Бөкөнбаев айылындагы балдардын музыкалык мектептери толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, толук кандуу иш жүргүзүп келишүүдө. Бүгүнкү күндө Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Мойнок-1 айылдык клубуна да айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдирүү калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>