Тоңдо жол кырсыгынан 19 жаштагы эки кыз мерт кетти

Тоңдо жол кырсыгынан 19 жаштагы эки кыз мерт кетти

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жеңил унаа кырсыкка кабылып, 19 жаштагы эки кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармылыгынын облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрелде катталган. Анда 51 жаштагы адам Хонда-Одиссей унаасынын рулуна ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги Кара-Талаа айылынын А.Н. жана К.Г. аттуу 19 жаштагы тургундары окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>