Айтылуу акын Тоголок Молдонун 160 жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыштын финалында 12 акын күч сынашат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Тандоо туру 26-март күнү өтүп, ага 42 акын катышкан. Натыйжада 12си тандалып алынды.
Алар:
Болот Назаров — 70 упай;
Идирис Айитбаев — 70 упай;
Тынчтык Эсенбай уулу — 70 упай;
Баян Акматов — 70 упай;
Темирбек Матыбаев — 69 упай;
Элмирбек Иманалиев — 69 упай;
Изат Айдаркулова — 69 упай;
Кадырбек Бейшенов — 69;
Абдубали Акимбеков — 68;
Акматбек Султан уулу — 68;
Нурайым Бактияр кызы — 68;
Кубат Тукешов — 68.
Белгилей кетсек, айтыштын финалы бүгүн, 28-мартта орун алат. Байге фонду бир миллион сом.