Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.
Тогуз-Торо райондук сотунун судьясына жоопко тартылууга уруксат берилди
