Site icon Reporter.kg

Тогуз-Тородо “Ангус” пародасындагы буканы уурдаган жарандар кармалды

Тогуз-Торо районунда 150 миң сомдук буканы уурдоого шектелип төрт адам кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, райондук милицияга 51 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 20-июлунда бир баш “Ангус” пародасындагы 150 миң сомдук букасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Тогуз-Торо районунун тургундары 38 жаштагы К.Э., 27 жаштагы К.Ж., 26 жаштагы М.А. жана 25 жаштагы Б.А. кармалышкан.

2022-жылдын 9-октябрында шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы Тогуз-Торо райондук сотунда каралып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version