Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган унаа жарылып 2 адам ооруканага түштү

Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган унаа жарылып 2 адам ооруканага түштү

Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-февралда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айылында болгон. Анда күйүүчү май ташыгын оор жүк ташуучуну унааны оңдоо иштеринин жүрүшүндө ширетип жатышканда цистернасы жарылган. Бензин ташыган цистернасы бош болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган, 33 жаштагы киши хирургия бөлүмүнө, 34 жаштагы адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>