Тогуз-Тородо көп жылдан бери баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды

Тогуз-Тородо көп жылдан бери баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды

Тогуз-Тородо көп жылдан бери баңгизат даярдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, милицияга Тогуз-Торо районунун “Б” аттуу тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген маалымат түшкөн. Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, сот тарабынан анын үйүн тинтүү тууралуу токтом кабыл алынган. 1-декабрь күнү 44 жаштагы Ш.Б. аттуу тургундун үйү тинтүүгө алынып,  эки даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар, 20 граммдай белгисиз зат табылган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш  башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү 25 жылдан бери ар  түрдүү баңгизаттарын колдонуп жүргөндүгү такталган. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын жасоочу жабдыктар да табылган.

Ал алыскы тоолордон баңгизаттык чөптөрдү алып келип, андан баңгизаттарынын түрлөрүн жасап, колдонуп жүргөн. 

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн үйүнөн табылган заттар каннабистин смоласы (гашиш) экендиги аныкталган.

Учурда аталган адамды сот тергөө бүткөнгө чейин 2 айга камакка алуу чечимин чыгарып, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.   

[su_image_carousel source=»media: 51760,51761″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>