Site icon Reporter.kg

Тогуз-Тородо “ХОВО” менен “Ауди” кагышып 8 адам каза болду, — сүрөт

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде болгон. Анда  “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаа менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[su_image_carousel source=»media: 39923,39924″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version