Той өткөрүүгө чектөө киргизилет

Той өткөрүүгө чектөө киргизилет

Бүгүн, 31-мартта, кеңейтилген республикалык кеңешмеде тойлорду өткөрүүгө чектөө чаралары талкууланып, чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Чечим бар, аны бүгүн кечинде же эртең жарыялайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин  Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу чектөө киргизилери маалымдалган.

Бүгүнкү күндө илдетти жуктургандардын жалпы саны 88 миң 374гө жетти, анын 84 миң 809у сакайды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>