Site icon Reporter.kg

Токаев бүгүн Кыргызстанга келет

Бүгүн, 26-майда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

Президенттин басма сөз кызматынын маалымдагандай, визит алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот.

“Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат”, — деп айтылат маалыматта.

Касым-Жомарт  Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат. Иш-чара видеоконференция форматында өткөрүлөт.

Саммиттин күн тартибинде 14 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана башка маселелер.

Exit mobile version