Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. Бул боюнча ал өз кайрылуусунда айтты.
Буга чейин Токаев ЖККУ мүчө өлкөлөрдөн жардам сураган. Ал Казакстанда террордук топ башаламандык уюштуруп жатат деп кабарлаган. Анын ичинде Кыргызстан да ЖККУ уюмуна мүчө катары аскерин жөнөтү чечимин кабыл алды.