Site icon Reporter.kg

Токио Олимп оюндарына каршы петиция 200 миңге жакын кол топтоду

Токиодогу Олимп оюндарына жана Паралимпиадалык оюндарга каршы петиция 47 сааттын ичинде 191 миңден ашуун кол топтоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

47 сааттын ичинде 191 миң 552 адам «Адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн Токио Олимп оюндарын жокко чыгарууну талап кылабыз» деген петицияга жазылышкан. Кол топтоону Япониянын коомдук жана саясий ишмери Кэндзи Уцуномия 5-майда саат 12де (Бишке убактысы боюнча 9.00) баштаган.

Кайрылуу 17-майда Японияга иш сапар менен барары күтүлүп жаткан Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бахка, Эл аралык паралимпиадалык комитеттин башчысы Эндрю Парсонско, Олимпиада иштери боюнча министр Тамаё Марукавага, уюштуруу комитетинин башчысы Сэйко Хасимотого жана Токионун губернатору Юрико Коикэге жолдонгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан жайкы Олимп оюндарына 13 спортчу жолдомо уткан. Алар: грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, жөө күлүктөр Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, суучул Денис Петрашов жана фехтование боюнча Роман Петров жолдомо уткан.

Exit mobile version