Токиодо боло турчу олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

Токиодо боло турчу олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

Олимпиада оюндары 2021-жылы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдиргенин ТАСС агенттиги жазат.

«Биз ар кандай (оюндарды өткөрүүнүн) сценарийлерди даярдап коюшубуз керек. Эч ким оюндар көрүүчүлөрсүз өтүшүн каалабайт. Ошентсе да биз Олимпиаданы коопсуз түрдө өткөрүүгө керектүү чараларды көрүүгө даярбыз», — деген ал.

Шаршемби күнү «Токио-2020’нын» уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори  оюндарды көрүүчүлөрдүн катышуучусуз өткөрүү маселесин карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, башка жол табылбаса оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары быйыл Токио шаарында 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу ал келерки жылга жылдырылып, оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болуп өтөт. Ошол эле учурда оюндардын «Токио-2020» аталышы өзгөрбөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>