Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголияда өткөн эл аралык айтышта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу «Манас» кыргыз улуттук театрынан билдиришти.
Эл аралык айтыш белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер Мурат Пушатай уулунун 70 жылдык мааракесине арналып «Бай өлкөм – баш бешигим» аталышында өткөн.
Айтыштын финалы 26-ноябрда болуп, Нурайым Бактыяр кызы 3-орунга татыган. Ошондой эле акын кызга 1,5 млн тугрик (38,3 миң сом) акчалай сыйлык тапшырылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз