Site icon Reporter.kg

Токмок: Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган киши бошотулду

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип кармалган жарандын иши кыскартылып, камактан бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук соттон билдиришти.

Маалым болгондой, карыя тосмо арыз жазып, эки тарап макулдашууга келгендиктен 16-январда Токмок шаардык сот тиешелүү токтом чыгарган.

«Жабырлануучу менен айыпталуучу макулдашууга жетишкендигине байланыштуу кылмышы иш кыскартылган», — деп билдиришти облустук соттон.

Иш жабылгандыгына байланыштуу айыпталуучу камактан бошотулган.

Эскерте кетсек, быйыл 16-октябрда Токмоктогу мал базарда карыя 120 миң сомун уурдатып, ага кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп берген.

Кийинчерээк милиция карыянын акчасын уурдоого шектеп 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү карыянын 120 миң сомун кайтарып берген. Карыя кайтарылган акчаны кайрымдуулукка жумшаганы кабарланган.

Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам акчаны кайтарды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version