Site icon Reporter.kg

Токмокто милиция кызматкерлери кыз ала качкандарды кармады

Токмок шаардык милициянын кызматкерлери кыз ала качууга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу бүгүн Чүй ОИИББнен билдирди.

Маалыматка караганда,  ушул жылдын 11-январында Жети-Өгүз РИИБга Токмоктун тургуну арыз менен кайрылып, 19 жаштагы кызын ала качып кеткен 2 жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Кыздын атасы билип калып, кызынын артынан Жети-Өгүзгө барган. Айылдардын биринен кызын алып кетип, дароо милицияга арыз менен кайрылган.

«Кыз ала качууга шектелип, 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең Ысык-Көл облусунун тургундары», — деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдү үй камагына чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Exit mobile version