Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 85%га аткарылды

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 85%га аткарылды

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 85%га аткарылды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
 
Курулуш объектисинин жалпы аянты 4 617 м2, ал эми долбоордук кубаттуулугу боюнча 216 орунга эсептелинет.

Бүгүнкү күнгѳ, жыйынтыкталган иштер боюнча 100%га демонтаждоо иштери, полдордун түздѳѳсү, имараттын тышкы жасалгасы, тепкичтин грунтовкалоо  жана жер төлө жайларындагы дубалдарын коюшу бүткѳрүлгѳн.  Ошондой эле 100%га реанимациялык бѳлүмү, имараттын чатыры, жылытуу системасы, канализациялык түтүктөрү жана электр өткөргүчтөрдүн орнотуу иштери аяктады.
Учурда, объектте ички жасалгасы жана желдетүү шахталарынын түзүлүшү боюнча иштер уланууда.

Белгилей кетсек, аталган объект 25 млн 716 миң сомго каржыланды. Жумушчулардын саны 160 адам. Объектти 2020-жылдын 15-сентябрына карата аяктоо пландаштырылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>