Site icon Reporter.kg

Токмокто үрөй учурган жол кырсыгы болуп 2 адам көз жумду — видео

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында жол кырсыгы болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 13:00дөр чамасында эки Мерседес-Бенц унаасы бет маңдай кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кеткен.

Экөө каза болуп, дагы бир жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version