Site icon Reporter.kg

Токмокто адам өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-октябрда Токмок шаарындагыц көчөлөрдүн бириндеги дүкөндүн аркасынан бычакталып киши колдуу болгон 42 жаштагы Ш.Б. аттуу жарандын сөөгү табылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 57 жаштагы У.А. аттуу жаран кармалган.

Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version