Site icon Reporter.kg

Токмокто аксакалдын акчасын уурдагандар кармалдыбы? — депутат

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди таап, жоопко тартабыз. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Жыйында депутат Русланбек Жакышев: “Токмоктогу мал базарда аксакалдын аш берем деген акчасын уурдап кетип, анын ыйлап жаткан видеосу тарады, аны өзүңөр деле көрсөңөр керек. Ошол уурулар табылдыбы? Бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат?”, — деген суроо узатты.

Нурбек Абдиев суроого жооп берип жатып: “Маалымат чыккандан кийин биз аксакалды өзүбүз таап, арызын каттоого алганбыз. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Жакынкы арада бул кылмышкерлерди кармап, жоопко тартабыз”, — деди.

Депутат ошондой эле, жергиликтүү тургундар аймактарда мал уурулук күчөп жатканын айтып жатышканын белгилеп, чөнтөк уурулук жана мал уурулукка каршы кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.

Министрдин орун басары бул кылмыштар боюнча жоопко тартылган адамдын жазасын күчөтүү багытында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар аксакалга 115,5 миң сом топтоп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version