Site icon Reporter.kg

Токмокто аялын системалуу түрдө сабаган кишиге иш козголду

Токмок шаарында аялын системалуу түрдө сабаган жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 21-сентябрында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарынын Тоголок-Молдо көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталган.

“Тергөө тобу аталган дарекке барганда, 1996-жылы туулган А.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, 1994-жылы туулган А.Б. аттуу жолдошу аны системалуу түрдө сабап жатканын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ошол эле күнү жаран А.А. Улуттук госпиталга кайрылып, ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Бул факты боюнча керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча 2024-жылдын 28-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдурасулова билдиргендей, жабырлануучу келин 1, 2 жана 6 жаштагы үч кыздын энеси. Ал Кемин шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө оор абалда жатат.

“Күйөөсү мурунку аскер кызматкери болгондуктан аялын башкача ыкма менен сабаптыр. Колуна полотенца ороп алып, бети-башына катуу сокку урган. Соккунун кесепетинен келиндин тиштери талкаланып, баш мээси катуу чайкалган. Келин оор абалда ооруканага жеткирилип, медицина кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүшүптүр. Ошол эле күнү шектүү катары күйөөсү Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок, үч сааттан кийин эркиндикке кое берилген”, — деп жазган укук коргоочу Азиза Абдурасулова башкы прокурорго, ички иштер министрине жана акыйкатчыга кайрылуу жолдогон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version