Токмокто аялына жана уулуна дайыма зомбулук көрсөткөн деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-октябрда Токмок ШИИБге 21 жаштагы М.С арыз менен кайрылып, аны жана 1972-жылы туулган апасы — У.М.ны дайыма сабап келген атасы — 1969-жылы туулган М.И.га карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Милиция тарабынан «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 55 жаштагы М.И, кармалып, Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз