Токмокто билим берүү мекемесине уурулукка киргендер кармалды – сүрөт

Токмокто билим берүү мекемесине уурулукка киргендер кармалды – сүрөт

Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Т.В. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 29-мартка караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелеринин бирине белгисиз адамдар тезесин сындырып киришип,  анын уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген.

Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган И.Р. жана
1982-жылы туулган Ч.Э. аттуу адамдар кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>