Site icon Reporter.kg

Токмокто кафе өрттөнүп бир адам жабыркады

Токмокто кафе өрттөнүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-сентябрда Токмок шаарынын Шоссейный көчөсүндөгү “Ак-Тилек” кафесинин ашканасынан өрт чыккан. Анда кафенин 75 чарчы метр аянты жана ашкана эмеректери күйүп кеткен.

Өрттүн кесепетинен  25-30 жаштагы жигит түтүнгө ууланып “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version