Чүйдүн Токмок шаарында кафеге уурулукка кирген адам арак ичип, диванда уктап калган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 9-мартта аларга Токмоктогу «Бакыт» кафесинин ээси арыз жазып, анын кафесине белгисиз адам кирип, зер жана башка буюмдарды уурдоого аракет кылганын, видеокамералардын процессорун сындырганын, ал жактага ичимдиктерди ичип алганын билдирген. Ага 150 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча «уурдоого аракет жасоо» жана «башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 9-мартка караган түнү «Бакыт» кафесинин сигнализациясы иштеп, жерине күзөтчүлөр келген. Алар тегерек-четти карап, короодо курулуш шаймандары, идиш-аяк бир жерде жыйналып турганын жана кафенин терезеси сындырылганын көрүшкөн. Алар кафенин ээси келгенин күтүп, чогуу ичкери киришкен. Кафенин ичи чачык болгон. Сейф бузулуп, анын ичиндеги зер буюмдар менен акча жок болуп чыккан. Андан ары алар залга барганда, ичимдик ичип алып, диванда мас болуп жаткан адамды көрүшкөн. Анын жанында уурдалган зер буюмдар менен акча жаткан.
Бул иш боюнча шектүү катары 41 жаштагы Т.В. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгону белгилүү.
Учурда тергөө уланууда.