Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.
Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болушат (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.
ЖКККББдан билдиришкендей, оң рулдуу Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.
Унаа жолдун 78-чакырымында автоманипулятор менен кагышкан.
Каза болгондордун тизмеси:
— Ж,А, 1986-жылы туулган;
— К.Ж, 1986-жылы туулган;
— А.к.Э, 2021-жылы туулган;
— Ж.С, 1986-жылы туулган;
— А.к.З, 2017-жылы тулуган;
— И.А, 1958-жылы туулган;
— С.Т, 1995-жылы туулган;
— 1999-жылы туулган (аты-жөнү такталууда).
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы оң рулдуу унаа менен такси кызматына чыкпоону эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз