Токмок шаарында курулуп бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн чатырынан өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бийиктиктен секирмекчи болгон адам 45-50 жаштар чамасында болгон. Окуя болгон жерге тартылган куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.