Токмоктогу 216 орунга ылайыкталган бейтапкананын оңдоо иштери 92%га аяктады

Токмоктогу 216 орунга ылайыкталган бейтапкананын оңдоо иштери 92%га аяктады

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп түзөө иштеринин даярдыгы 92% түзѳт. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жүргүзүлүп, имараттын жана откананы эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган.
Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган.

Объекттин курулушу 92% га бүткөрүлдү, оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>