Site icon Reporter.kg

Токмоктогу батирден 80 жаштагы аялдын денеси табылды

Токмок шаарындагы батирлердин биринен 80 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Сарыбагыш көчөсүндө жайгашкан №82 үйдүн №22 батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1942-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин денеси табылган.

Маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эшик ачууга 3 куткаруучу тартылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version