Токтоктогу жол кырсыктан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 20-августта Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунда катталган.
Анда “Лексуз 570” менен “Фиат Фунто” унаасы кагышкан. Жол кырсыктан кесепетинен экинчи унаадагы 5 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында 7 жаштагы бала бар.
Учурда экинчи жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда