Site icon Reporter.kg

Токмоктун тургуну Instagram’дагы посту үчүн айыпка жыгылды

Чүйдүн облусунда улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган Токмок шаарынын тургунуна айып пул салынды. Бул тууралуу Токмок шаардык сотунунун токтому Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Токтомдо айтылгандай, Н.У. у. (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран былтыр 18-октябрда Instagram’дагы баракчасына кайсы улутка таандык экенин жана «мен үчүн башка улуттар жок» деп жазган.

Соттук-лингвистикалык экспертиза айыпталуучун билдирүүсүндө улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар деген тыянак чыгарган.

Айыпталуучу соттогу көрсөтмөсүндө постту өзү чыгарганын мойнуна алып, улуттар аралык кастыкты козутууга эч кандай ниети болбогонун айтып, билдирүүнү мекенчилдик маанайда жазганын билдирген. Аны менен бирге окуя мындай болуп кетерин ойлобогондугун белгилеп, кечирим сураган.

Сот айыпталуучуну Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекеттин эсебине 100 миң сом айып пул төлөөнү милдеттендирген.

Соттун өкүмү быйыл 19-январда чыккан.

Маалымат үчүн Кылмыш кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү:

330-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу:

  1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, —

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version