Токойго козу карын терүүгө кеткен карыянын буттары иштебей калган — видео

Токойго козу карын терүүгө кеткен карыянын буттары иштебей калган — видео

Новосибирск шаарында куткаруучулар токойдон козу карын терүүгө кетип, буттары иштебей калган пенсионерди табышты. Бул тууралуу чет элдик Известия маалымат агенттиги жазды.

«Карыянын туугандарынан куткаруучуларга абышка Дзержинский районундагы токойго козу карын тергени кеткени, токойдо жүрүп буттары тырышып, андан ары жыла албай калганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал 1946-жылы туулган, кант диабети менен жабыркайт», — деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, эркек кишинин жанында уюлдук телефону болгон, анын жардамы менен ал туугандары менен байланышып, өз абалын кабарлаган. Керектүү маалыматтарды алган куткаруучулар пенсионерди издөөгө жөнөшкөн.

Бир сааттын ичинде ал киши табылган: ал чөпкө жатып, өз алдынча баса албай калган. Тез жардам унаасы келгенге чейин, пенсионерди аскер замбилинде көтөрүп жүрүшкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>