Site icon Reporter.kg

Токон Мамытов: Кыргызстанда адам укутарына байланыштуу сунуштар 80%га чейин колдоого алынат

Акыйкатчы болуп шайлангандан бери палатага адам укутарын коргоо боюнча канча мыйзам сунуштадыңыз?. Мындай суроону депутат Өмүрбек Бакиров бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеш акыйкатчы институтунун 2018-жылдагы отчету угулуп жатканда берди.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтуусунда, адам укутары боюнча 15тей адам укутарына байланыштуу сунуштарды парламентке жана өкмөткө да берилди. Анын 70-80% колдоого алынууда.

Бакиров «чет мамлекеттерде абакта отурган Кыргызстандын жарандарынан канча ирет кабар алынды» деген собол салды.

«Акыйкатчы болуп дайындалып жатканда сиздин негизги программаңыз чет мамлекеттеги Кыргызстандын жарандарын коргоого багытталган», — деди ал.

Токон Мамытов Орусияга 2 ирет, Казакстанга 1 жолу барганын айтты. Мындан тышкары «Евразиялык альянс» деген акыйкатчылардын жолугушуусу болду.

Exit mobile version