Токтогазиев: Депутаттардын нааразылыгын түшүнөм, алардын да мал чарбалары бар  

Токтогазиев: Депутаттардын нааразылыгын түшүнөм, алардын да мал чарбалары бар  

Тилек Токтогазиев ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолорду жаадырып, сынга алганынын негизги себептеринин бирин айтты. Анын пикиринде малды сыртка сатпоо тууралуу тыюу айрым эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирген. Анткени алардын да мал чарбалары бар дейт. 

Ал мындай пикирин маалымат жыйында журналисттердин биринин “министр болгон кыйын бекен” деген суроосуна жооп берип жатып айтты.   

“Министр болгон чоң жоопкерчилик, анткени күнүгө 6 миллион элдин алдындагы жоопкерчиликти сезесиң, ар бир минутанын баасын билесин, бир нече минутта миңдеген адамдын тагдыры чечилип калышы мүмкүн. Айрым учурда ооруйун десең да мүмкүнчүлүк болбойт, министр болуу чоң жоопкерчилик.  Кээде саясий чечимдерди  кабыл алууга туура келет. Кечээ депутаттар да көптөгөн суроолорду берди. Биз эми факт катары билебиз, айрым депутаттардын мал чарбалары бар, аны түшүнүп жатабыз, айрым бир нааразычылыктарды”, — деди Токтогазиев.

Тактоочу суроо катары журналисттер кайсы мал чарбасы бар депуттар анын бул чечимине бут тосууга аракет кылып жаткандыгын сураганда “аны журналисттер өзүңөр иликтеп алгыла” деп кыска жооп узатты. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>