Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Reporter.kg’нин журналистинин суроосуна жооп берип, келечектеги пландары жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында, алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышаар-катышпасын билбейт.
Ал белгилегендей, азыр эң башкысы ишти кийинки министрге өткөрүп берүү. Ошондой эле тынч уктап, үй-бүлөсүнө убакыт бөлөт.