Site icon Reporter.kg

Токтогул райондук оорукананын 35 чарчы метр жери сатылып кеткен

Токтогул райондук оорукананын 35 чарчы метр жери мыйзамсыз менчикке сатылып кеткен. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ага байланыштуу акт түзүлүп, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренесинин негизинде тиешелүү суммада айып пул салынды.

Ошондой эле, бул боюнча материалдар Токтогул райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version